Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митингчилер Бишкекте Ала-Тоо аянтынан Ак үйдү көздөй жөө жүрүшкө чыкты.
Алар талаптарын президент Алмазбек Атамбаевге жеткирүү үчүн ушундай кадамга барганын айтып "Текебаевге боштондук!" деп бирин-бири сүрөп кетип баратышат.
Алдыңкы катарда ЖК депутаттары Каныбек Иманалиев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, экс-депутат Асия Сасыкбаева, Өмүрбек Текебаевдин жубайы жана кызы. (RK)