Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Министрлик өз сайтында жарыялаган билдирүүдө Чуркин Нью-Йоркто көз жумганы жазылат. Элчи 21-февралда 65 жашка толмок.
Виталий Чуркин 2006-жылдан бери бул кызматты аркалап келген.