Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги ал жакта жашаган мекендештерди жеке коопсуздугуна сак болуусун суранган. Тышкы иштер министрлиги элчилик өлкөдөгү кырдаалга көз салып турганын кабарлады.
Пакистандын түштүгүндөгү Сехван-Шариф шаарындагы суфилердин ыйык жайында жасалган жанкечтинин чабуулунан набыт болгондордун саны 80ге жетти. Жарадарлардын саны 150дөн ашты. Мерт кеткендердин отузу балдар.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өз моюнуна алды.
Провинцияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.(ZKo)