Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Президент Атамбаев Еврокеңеш төрагасы Туск менен жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга сапарында Европа Биримдигинин төрагасы Дональд Туск менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Евробиримдик ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Кыргызстанда быйыл өтчү президенттик шайлоо боюнча да пикир алмашуу болду.

Анда кыргыз президенти өлкөдө ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Бельгияга жумушчу сапар менен 15-февралда барган.(BkA)

XS
SM
MD
LG