Пакистандын түндүк-батышында 15-февралда болгон кош жардыруудан жети адам мерт кетти. Негизинен уруулар байырлаган Моманд райондук администрация имаратынын алдындагы калабаны жанкечти ишке ашырган.
Жарадарлардын саны онго жетти. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү "Жамаат-уль-Ахрара" уюму алды.
Ооганстандык “Талибан” кыймылынын Пакистандагы бутагы деп эсептелген бул уюм негизинен Ооганстан менен чек аралаш аймактарда иш алып барары айтылып келет.
Ушул эле күнү Пешавар шаарындагы оорукананын жанында болгон жардыруу эки адамдын өмүрүн алды. Бул маалда ооруканада Пакистан оппозициясынын лидери Имран Хан жүргөн эле.
Экинчи жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир топ өз мойнуна ала элек.