Ким Чен Ындын аталаш агасы Ким Чен Намга 13-февралда Куала-Лумпур аба майданында кол салуу болду. Малайзия полициясы белгисиз эки адам ийне сайып кеткенден кийин абалы начарлап, ооруканага алып баратканда көз жумган жаран Ким Чен Нам экенин аныктады. Түштүк Кореянын TV Chosun телеканалы аны ууланган ийне менен сайып кеткен эки аялды Түндүк Кореянын атайын кызматынын оперативдүү кызматкерлери деп атады. Алар издөөгө алынууда.
Ким Чен Нам көбүнчө чет өлкөдө жүрүп, Түндүк Кореяда үй-бүлөсүнүн бийлик үстөмдүгүн сынга алып келген. Ким Чен Нам 45 жашта экени айтылууда. (AiT)