Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Грузияда православ чиркөөсүнүн өкүлү камалды


Патриарх Илия II
Патриарх Илия II

Грузин бийлиги православ христиандарынын чиркөөсүнүн улук кызматкерин камакка алды. Ага “жогорку даражалуу диний кызматкердин көзүн тазалоону пландаган” деген айып тагылууда.

Баш прокурор Ираклий Шотадзе 13-февралда билдиргендей, өлкөнүн негизги чиркөөсүнүн Мүлктү башкаруу кызматынын башчысы, поп Гиорги Мамаладзе Берлинге учаар алдында 10-февралда кармалган. Мамаладзенин чемоданынан уулуу цианид заты табылган. Ал маалда патриарх Илия II Берлинде өтүнөн операция болгону жаткан.

Баш прокурор кармалган диний кызматкер кимди бутага алууну көздөгөнүн ачык айтпаса да Берлинде дарыланып жаткан партриархты кайтаруу күчөтүлгөнүн билдирди.

84 жаштагы патриарх Илия Грузиянын православ христиандарынын чиркөөсүн 1977-жылдан бери жетектеп келет.

XS
SM
MD
LG