Президенттик аппарат башчысынын 1-орун басары Сапар Исаков мындай билдирүүсүн журналисттер алдында жарыя кылды. Жыйынга катышкан журналисттердин бири андан “эгер Социал-демократтар сиздин талапкерлигиңизди алып чыкса, президенттик шайлоого катышасызбы?” деп сураган.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары кийинки президенттик мөөнөткө Алмазбек Атамбаевдин “мураскери” болчулардын арасында Сапар Исаковдун да атын атап чыгышкан эле. (ZKo)