Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Президент Атамбаев Европа сапарында эки каржылык келишимге кол коёт


Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын мартындагы Европа иш сапары.
Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын мартындагы Европа иш сапары.

Биринчиси, укуктук бийлик программасы боюнча. Бул программанын алкагында Евробиримдик 30 млн евро бөлөт. Ошондой эле 11 млн евро бөлүнчү аймактарды өнүктүрүү боюнча келишимге кол коймокчу.

15-февралдан 17сине чейин мерчемделген сапарында президент Алмазбек Атамбаев Бельгиянын королу Филипп Леопольд Людовик жана Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушат. Ошондой эле Euronews телеканалына маек курарын президенттин аппарат башчысынын 1-орун басары Сапар Исаков журналисттерге билдирди.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Евробиримдиктин башчысы Дональд Туск, Еврокомиссиянын жетекчиси Жан Клод Юнкер жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерико Могерини менен жолугат. (YU/ZKo)

XS
SM
MD
LG