Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Астана сүйлөшүүсүнө Дамаск жана оппозиция өкүлдөрү чакырылды


Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Астанада өткөн биринчи сүйлөшүү. Астана, 24-январь, 2017-жыл
Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Астанада өткөн биринчи сүйлөшүү. Астана, 24-январь, 2017-жыл

Астанада 15-16-февралга белгиленген кезектеги Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Сирия бийлиги, куралдуу оппозиция өкүлдөрүнө расмий чакыруу жиберилди. Ошондой эле БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен америкалык байкоочулар да чакырылды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, сүйлөшүүдө Сирияда ок атышууну токтотуу режимин сактоо, бир катар райондордогу абалды турукташтыруу багытындагы конкреттүү чаралар талкууланат.

Бул жолугушууда Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдогон Орусия жана козголоңчуларга көмөктөшкөн Түркия ортомчулук милдетти аткарат. Андан кийин жаатташкан эки тараптын тынчтык сүйлөшүүлөрү 20-февралда Женевада өтмөкчү.

БУУнун маалыматына таянсак, Сирияда алты жылдан бери уланып келе жаткан куралдуу конфликттен 300 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG