Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

АКШда ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүү талабы коюлууда


Конгресстин Өкүлчүлүктөр палатасынын Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы Мак Торнберри Иран жана Түндүк Кореянын ракеталык сыноолоруна байланыштуу Кошмо Штаттар ракетадан коргонуу системасын өрчүтүшү керектигин 6-февралда билдирди. Ал мындай пикирди Дональд Трамптын администрациясы Иранга карата жаңы санкцияларды кабыл алышына комментарий жасап жатып айтты.

“Эгерде дүйнөдө эмне болуп жатканын байкасаңыздар, маселен, Иран жана Түндүк Кореяны алсак, ракетадан коргонуу системасын өрчүтүүнүн мааниси айкын болот” деди ал Вашингтондо журналисттерге сүйлөп жатып. “Дүйнөдө токтотууга кыйын болгон ракеталар жасалууда” дейт ал. Кошмо Штаттар жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракетасынан коргонуу үчүн 800 млн долларга ракетадан коргонуу системасын бекемдөөнү көздөөдө. Торнберринин айтымында, республикачылар көпчүлүктү түзгөн Конгресс Барак Обаманын тушунда кабыл алынган коргонууга каражат сарптоону кыскартууну токтууга барат. (AiT)

XS
SM
MD
LG