Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам чогултуу максатында ачылган атайын эсепке бүгүнкү күнгө карата 69 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кызматкери Динара Сарбашева топтолгон акча үчүн жооптуу.
Толук маалыматты төмөндөгү телефондорго чалып алса болот:
0312 54 79 01, 0770 95 00 02.
16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле. (RK)