Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтына чогулган жүзгө чукул киши электр энергиясынын кымбат баада cатылып жатканына нааразылык билдирди. Алардын маселесин өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов угуп, элдин талабын өкмөткө билдирерин ырастады.
Өкмөт өкүлү буга чейин министрлер кабинетине элдин атынан кайрылуу жолдогонун, бирок ушул жылдын аягына чейин тариф арзандабай турганы тууралуу жооп алганын айтты. Бирок чогулган эл ага ыраазы болбой дагы бир кайрылуу жолдоону талап кылышты. Аманбай элдин талабы менен дагы кайрылуу жолдонорун, аны жообу элге жарыяланат дегенден кийин чогулгандар тарап кетишти.
Аманбай Кайыпов бүгүнкү жыйындын артында башка бир саясий күчтөр турарын, жарык менен көмүр маселеси элдин анча деле кыйнабай турганын, анткен менен эки маселе митингге чыгуунун шылтоосу болгонун билдирди. (MiK)