Кыргызстанда отуздан ашуун милиция жетекчиси жазага тартылып, үч-төртөө ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, өткөн жума, 3-февралда министрликте коллегия жыйыны өтүп, 2016-жылдын ишинин жыйынтыгы чыгарылды.
"Борбордук аппараттын жана облустук, шаардык жана райондук милициянын отузга чукул жетекчиси иштеги кетирген кемчиликтери үчүн катуу сөгүштөн тарта ээлеген кызматына ылайык эместиги тууралуу эскертүү алышты. Ошону менен бирге ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кетирилген кемчиликтери үчүн ИИМдин бир катар башкы башкармалыктарынын жана башкармалыктарынын жетекчилери ээлеген кызмат ордунан бошотулду" деп айтылат мекеменин маалыматында.
Жазага тартылган жетекчилердин аты-жөнү азырынча расмий атала элек. (RK)