Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Румыния: элдин сүрү өкмөттү тайсалдатты


Румыния: элдин сүрү өкмөттү тайсалдатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

Румыниянын премьер-министри Сорин Гриндяну антикоррупциялык чараларды жумшартуу боюнча токтомду артка чакырып алды. Бул токтом өлкөдө нааразылык жаратып, жарандар массалык демонстрацияга чыгышкан. Алар Социал-демократиялык партия башкарган өкмөттүн коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүнө нааразылык билдиришкен. Өкмөттүн токтомунда бийлик өкүлдөрүнүн айрым туура эмес иштери, пара алууга байланышкан кээ бир жагдайлар кылмыш катары саналбай калмак. Өкмөттүн бул чечимин өлкөнүн президенти жана башкы прокурору да сындап чыккан. Ошондой эле Румынияга коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери да бул токтом боюнча чочулоосун айтышкан. Токтом кийинки аптада күчүнө кирмек.

XS
SM
MD
LG