Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Анталияда сабалган Малика эсине келди


Анталияда катуу сабалып, бир айдан бери реанимацияда жаткан Малика Ноотиева эсине келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” атасы Раимбек Ноотиев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Малика эсине келип, атасын тааныган.

- Мени көрүп эле “ата” деп сүйлөдү. Бир жак колу, бир жак буту бир аз кыймылдап жатат. "Догдурлар жүрөгү күчтүү экен, жакшы болот" деп айтышты.

Раимбек Ноотиев кечээ Анталияга учуп келген. Ушул тапта ооруканада Маликанын апасы менен атасы ага каралашууда. Аларга Анталиядагы кыргызстандыктар жашаган үй таап берип, жардам берип жатканын Света Беккулова билдирди.

Ошондой эле Маликанын абалы тууралуу интернеттен окуган түрк жарандары да көмөктөшүп жатканы белгилүү болду. (EIB)

XS
SM
MD
LG