Жогорку Кеңеш 1,2 миллион сомго А4 форматында кагаз сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлады.
Маалыматка караганда, мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө ылайыкташкан 5 миң куту кагаз алынат. Ар бир кутуда 500 барак кагаз болот.
Сынакка катышуучулар 1 куту кагазды үлгү катары алып келиши керек.