Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Жээнбеков: ЕАЭБден 2,8 млрд сом Кыргызстанга түшпөй калды


Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү.
Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү.

Евразия экономикалык биримдигинин жалпы кирешесинен Кыргызстан 2,8 млрд сом албай калды. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште биримдикке мүчө болгондон кийинки жагдайга түшүндүрмө берип жатып айтты. Өкмөт башчы Кыргызстанда ушул тапта экономикалык кризис бар экенин да билдирди.

Муну убактылуу көрүнүш катары сыпаттаган Жээнбеков муну Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштырды. Ага карабай, бажы планы толгонун белгиледи.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы августта толук кандуу кошулган. Андан тышкары Казакстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алакасы 16,7% төмөндөгөн. Биримдик өлкөлөрүнө жасалган экспорт мурунку жылга караганда 8,1% азайган.

Сооронбай Жээнбеков маселени жыл аягына чечүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады.(SE)

XS
SM
MD
LG