Өкмөттүк аппарат «Дордой» базарында 18 миң контейнердин алты миңи жабылганы боюнча түшүндүрмө берип, муну соода сезонуна байланыштырды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик салык инспекциясы «Дордойдогу» ишкерлерге 2015-жылы 125 542, 2016-жылы 119 764 ыктыярдуу патент берген. Бул абал аталган базардан товар ташыган мамлекеттерден суроо-талап азайганы менен түшүндүрүлөт.
“Базардагы активдүүлүктүн кышында төмөндөшү жыл сайын болуп, ал сезондук мүнөзгө ээ. Муну соода жүргүзгөн ишкерлер алган ыктыярдуу патенттердин саны тууралуу маалымат тастыктайт”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кыштын башында карды көтөрө албай чатыры кулаган соода катарларындагы жагдай да буга себеп экени айтылат.
“Дордойдогу” 18 миң контейнердин алты миңи иштебей турганын Бишкектин мэри Албек Ибраимов өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирген. (SE)