Бишкекте 12-15 жаштагы улан-кыздардын ортосунда футбол боюнча шаар биринчилиги башталды. 29-январда башталган мелдештер 26-февралга чейин уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэрияга караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан кабарлашты.
Футбол биринчилигин Футбол федерациясынын шаардык бөлүмү аталган башкармалык менен чогуу уюштурууда. (SE)