Анда жарандардын жана ишканалардын жеке менчигин коргоого багытталган “Күрөө тууралуу” жана “Банк сырлары жөнүндө” мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлат. Иш-чаранын демилгечилеринин бири, депутат Алманбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, анда насыяга коюлган күрөөлөр, ага банк менен ээсинин укугу тууралуу маселе каралат:
-Мурда банктан насыя алуу үчүн күрөөгө үйүн коюп, кийин акчасын төлөй албай калган жарандардын үйлөрүн банк сотсуз эле алып койсо, жаңы мыйзамда бул сот аркылуу ишке ашат.
Жеке менчикти коргоого багытталган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси 17-январда ЖК Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде каралып, 1-окууда кабыл алуу тууралуу чечим чыккан.(ZKo)