Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам чогултуу уланууда


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Өкмөт тарабынан ачылган бирдиктүү эсепке жана калктан гуманитардык жардам чогултуу 30-31-январь күндөрү уланып, 1-февралдан тарта токтотулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдоодо.

Ал эми 11-февралдан тарта чогулган жардам учак кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бериле баштайт. Гумжардамды бөлүштүрүү иштерине жабыркагандар өздөрү, аксакалдар, жаштар жана башка тараптар тартыларын өкмөт бекемдөөдө.

ӨКМнин 27-январдагы маалыматы боюнча, учак кырсыгына байланыштуу атайын эсепке 33 млн. сомдон ашык каражат түшкөн. Мындан башка Дача СУ айылындагы жарым-жартылай бузулган, чатыры талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн турак-жайлардын ээлерине шифер жана башка курулуш материалдары берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG