Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Украина акыркы урушта төрт аскерин жоготту


Авдеевка шаарчасы, ноябрь, 2016-жыл.
Авдеевка шаарчасы, ноябрь, 2016-жыл.

Украин аскерлери менен Орусия колдогон жикчилер ортосундагы соңку атышуу бир нече апта ичиндеги уруштардын эң олуттуусу катары мүнөздөлүүдө.

Украинанын коргоо министри Степан Полтарактын билдиргенине караганда, алардын төрт жоокери 29-январда, Авдеевка деген шаарчанын жанындагы атышуулар учурунда мерт болду.

Донецк шаарынын түндүгүндө жайгашкан Авдеевкада кокс өндүрүүчү жана болот эритүүчү ири ишкана бар.

Украин армиясынын басма сөз катчысы Александр Мотузяниктин айтымында, бул жердеги атышууда Орусия колдогон жикчилер ири калибрдеги минемотторду жана артиллерияны да колдонушкан.

Уруш учурунда алардын кеминде бир согушкери да мерт болду.

Украинанын чыгышында мындан үч жылча мурун тутанган куралдуу кагылыштын масштабы азыр басаңдаганы менен ок атышуу аны токтотуу боюнча утур-утур көрүлгөн аракеттерге, макулдашууларга карабай басылбай келүүдө.

Тараптар ок атышууну токтотору жөнүндө акыркы ирет былтыр декабрда жарыяланган.

Куралдуу жаңжалдан Украинада азыркыга чейин 9750дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG