Мексикадан импорттолчу товарлардан алынат делген 20%дык салык АКШнын өзүнө зыян алып келерин бейшембиде Мексиканын тышкы иштер министри Луис Видегарай эскертти.
- Мексикадан импорттолгон товарларга салык салуу менен АКШ дубал чыгымын көтөрүүгө Мексиканы мажбурлай албайт. Ал америкалыктар сатып алып жаткан авокадо, кир жуугуч машинелер, телевизорлор жана башка бир топ продукцияларга таасир этип, алардын капчыгына, андан ары экономикасына сокку урат.
Эми салык салынса Мексикада товар өндүрүп, АКШга саткан компанияларга оорчулук келиши күтүлөт.
26-январда АКШ президенти Дональд Трамп Мексикадан импорттолгон товарлардан кошумча 20% салык аларын билдирген. Ал эки өлкө ортосуна курулчу дубалдын чыгымына сарпталат.
Бирок Ак үй Трамптын бул билдирүүсү азырынча так чечим эмес экенин эскертүүдө.
Коңшу эки өлкөнүн чек ара тилкеси 3200 чакырым. Анын айрым жерлери буга чейин эле дубал курулуп тосулган. Трамп мыйзамсыз миграция, маңзат агымын көзөмөлдөө үчүн чек ара тилкесин толук тосорун шайлоо кампаниясы башталгандан эле айтып келет.