Азамат он жылдан бери “Дордой” базарында Кыргызстанда чыгарылган кийимдерди дүң баада сатып иштейт. Анын товарын казакстандык алып сатуучулар ташып кетип соодасы жакшы жүрүшчү. Бирок акыркы мезгилде чет элдик соодагерлердин каттамы кескин азайып, мунун натыйжасында соода өзүн актабай калганын “Азаттыкка” айтып берди.
- Соода жылдан-жылга солгундап жатат. Эки жылга салыштырмалуу бүгүнкү күндө 40 пайызга азайды. Ал эми беш жыл мурункуга караганда 80 пайызга чейин түштү. "Дордойго" эл көп келбей калды. Алуучу аз. Азыр күнүмдүк керектөөгө гана акча чыгарып жатабыз.
Биз барганда “Дордой” базарында көпчүлүк контейнерлер жабык экен.
Айрыкча “Алканов” базарындагы соода өтө эле солгун экенин байкоого болот.
Мирлан аттуу сатуучу эртең мененки саат 8де эле иштей баштаганына карабай түшкү саат 2ге чейин акча түшпөгөнүн белгиледи:
- Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери эле ушундай болуп калды. Соода жок.
Мирландан айырмаланып Дамира миң сомго жетпеген акча болсо да соода кылып келет:
- Анда да ушул базарда иштеген эле кыз соода кылып кетти. Абдан кыйналып кеттик. Пайызга акча же банктардан насыя алып, аны төлөй албагандар көп. Соода болбосо кайсы акчаны беришмек эле.
Мурун “Дордой” базарында дүң сатуучулар чекене баада товар сатууга көнүшчү эмес. Азыркы кездеги кырдаалдан улам алардын дээрлик баары бирден болсо да товар сатууга аргасыз. Ошентсе да, базардан мурдагыдай түртүшүп, тыгылбай соода кыласың.
- Мына, карабайсызбы. 1700-2000 сомдук түркиялык өндүрүштөн чыккан кийимдерди сатып түгөтүү үчүн айла жок 500 сомдон коюп отурабыз. Кымбат эмес, арзан болсо деле сатылбай турат, - деген нааразылыгы менен бөлүштү Дамира аттуу сатуучу.
Ошол эле маалда «Дордой» ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев базардагы абалды "утурумдук көрүнүш" катары түшүндүрдү. Анын айтымында, жыл сайын эле январь-февраль жана июль айларында соода жана кардарлар азайгандыктан сатуучулардын көбү ишке чыкпайт:
- Жыл сайын эле ушундай болот. Элдин баары эле кышкы кийимдерди алып алгандыктан, январда кардар азаят. Ал эми жазгы товарларды сатып алууга азыр эрте. Мындан тышкары январда жаңы жыл майрамына байланыштуу акча көп кеткендиктен, көпчүлүк базарга барбайт. Былтыр ушул мезгилде контейнерлер мындан да көп жабылган. Ал кезде доллардын курсу да жогору болуп, соодага таасирин тийгизген. Ошентип, өткөн жылда январда мындан да оор болгон. 2016-2017-жылды 2008-жылга салыштырсак, ал учурда аябай соода мыкты деңгээлге чыккан.
Анткен менен соодагерлердин басымдуу бөлүгү Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан тарта иш жакшы болбой калганын билдиришүүдө.
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев болсо маанилүү долбоорлор өз убагында ишке ашпай калгандыктан "Дордой" базары азыркыдай абалга кептелди дейт:
- Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Рыноктун мыйзамы ушундай, бир жерде ачылат, бир жерде жабылат. Биз убагында темир жол маселесин чечпей койдук. Кытайлардын өтүнүчү бар болчу, Торугарт тарапка же Балыкчыга эркин экономикалык аймак ачууну сунуштаган. Кытай тарапка же Кыргызстанда түзүлсүн деген сунуштар болгон. Тилекке каршы, кайра-кайра өкмөт алмашып отуруп, бир да маселе чечилген жок. Анан кытайлар "Хоргоско" өздөрүнүн эркин соода-экономикалык аймагын ачып алышты. Жада калса Кыргызстандан тынымсыз "Хоргоско" автобустар каттап калды. Натыйжада, казакстандыктар, орусиялыктар "Хоргостон" керектүү товарларды алып кетүүдө. Биз ушул жагынан уттуруп койгонбуз. Алар "Дордойдон" эмес, "Хоргостон" алып жатышат.
Бишкектеги эң ири базардагы мындай абалга бир чети шаар ичинде соода борборлор көбөйүп, андагы товарлардын баалары да арзан болуп жатканы себеп дешет байкоочулар.
Миңдеген адам нан таап жеген базардагы жумушчу орундары кыскарып, соода түйүндөрүнүн жабылышына байланыштуу мэрия Бишкек эркин экономикалык аймагынын жер тилкелерин шаардын карамагына өткөрүп алуу боюнча өкмөткө кайрылды. Муну менен мэрия жумуш орундарын түзүүнү максат кылып жатканы айтылды.