Ага жакында Жапонияда чыгуучу The Diplomat аналитикалык журналынын “Дордой” базары Путиндин долбоору менен соолуп бара жатат” деп жазганы бүйүр кызытып, коомдо анда иштеген миңдеген ишкерлердин күнү эмне болот деген суроо жаратты.
“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына суроого жооп издеди.
Талкууга “Дордой” бирлигинин президенти Аскар Салымбеков жана Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков катышты.
“Азаттык: Аскар мырза, Жапонияда чыгуучу The Diplomat аналитикалык журналы «Евразия экономикалык биримдигинен үмүт кылган «Дордой» базары жоголуп баратат, ал постсоветтик өлкөлөргө үстөмдүк кылам деген Орусия президенти Владимир Путиндин долбоорунун курмандыгы болду” деп жазды. Буга негиз барбы?
Аскар Салымбеков: Жапонияда чыккан журналдын “Дордойду” жазганы биз үчүн жакшы жарнама. Бирок чынында “Дордой” базары Кыргызстандын совет доорунан кийин жетишкендигинин бир көрүнүшү болуп калбадыбы. Мурда базар экономикасынын сырын билбеген кыргыздардын ишкерлик алиппесин үйрөнүп, чет өлкөлөргө, мисалы Орусия, Казакстандагы ири базарларга барып, үлгүнү таратып, ишкерлик кылып жатканы жакшы көрүнүш. Андан тышкары “Дордой” менен Путинди байланыштырып жаткандарынын да бир жөнү бар, себеби, ал жерде азыр 20 миңден ашык адам иштейт, жылына казынага 5 миллиард сомго чейин пайда түшүрүп турат. Бул Кумтөрдөн түшкөн каражатка барабар. Кыргызстандагы бир миллионго жакын эл “Дордойдон” товар алып, жер-жерлерде соода кылат. Бирок анын көлөмү жалпы сооданын 20% гана түзөт, 80% тышка чыгат.
“Азаттык”: Алмаз мырза, 2014-жылы Темир Сариев экономика министри болуп турган кезде "Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирсе, бизге 172 миллиондук калкы бар ири рынок ачылат. Соода гана эмес экспорт да көбөйөт" деп айткан эле. Азыркы көрүнүш башка ойду жаратууда. Бул министрликтин прогнозунун акталбай калгандыгын айгинелеп турабы же чын эле империялык ири саясаттын кесепети тийип жатат деп айтабызбы?
Алмаз Сазбаков: Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибизге тогуз гана ай болду. Бул убакыт ичинде натыйжасын көрөбүз деген туура эмес. Ал эми чоң базарга кирип, анын аянтын 180 миллиондук алуучуга чоңойтконубуз чындык. Бул инвесторлорго абдан жакшы шарт түздү. Анын натыйжасында бир топ инвесторлор келип, завод-фабрикалар курула баштады. Мисалы, Кара-Балтада текстиль фабрикасы курулуп жатат. Анда күнүнө 15 тонна кездеме чыгат. Продукциянын 20% өзүбүздөгү тигүү цехтеринде кийим тигилип, даяр продукция катары экспортко чыгат. Калган кездеме сыртка сатылат. Бул чоң базардын ачылышынын бир гана натыйжасы. Албетте, экспорттун көлөмү мурдагы жылдарга караганда чынында түштү, бирок ага ЕАЭБге кирүү гана таасир берди деген туура эмес, ага экономикалык дүйнөлүк ири кризис да түздөн-түз таасир берип жатат.
“Азаттык”: Аскар мырза, сиз СССР кулагандан кийин миңдеген жумушсуздардын соода менен ишкерлик кылуусуна шарт түзгөн адамсыз. Эгер “Дордой” жабылып калса анын ордуна башка ири жайларды курууга кызыкдар адамдар көп деген маалымат бар. “Дордой” базарындагы кожоюндардын кандай жаңы пландары бар?
Аскар Салымбеков: Эми контейнерлерден кетишибиз керек, себеби кышында суук, жайында ысык. Бирок бир да соодагер ал жерден кеткиси жок. Ага карабастан Кытайдагыдай көп кабаттуу автомашина токтотуучу эки жайды соода күркөлөрү менен, жакшы шарттары менен куруп берели деген план түзүп жатабыз. Аны курууга кытайлык инвесторлор менен келишим түздүк.