Нарын шаарында мектеп окуучусу бычак жеп, ооруканага түштү. бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Жаңжал 24-январь түнү орун алган. Шаардагы мектептердин биринин 9-классынын окуучусу бычактан жараат алган. Тергөөнүн жүрүшүндө окуучуга бычак сайган Нарындын 16 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон.
Бул окуя боюнча “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. (BkA)