Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Академияда кол жазмалардын санарип каталогунун бет ачары өтөт


Кол жазма.
Кол жазма.

Илимдер академиясында сакталып турган тарыхый кол жазмалар санарипке өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Бүгүн УИАнын башкы имаратында on-line каталогдун бет ачары өтөт.

Улуттук илимдер академиясынын архивиндеги 3 миңдей, жалпысынан 400 миң бет кол жазманын санарип сүрөтүн эми каалаган убакта интернеттен көрсө болот.

Арасында Алыкулдун өз колу менен жазган ыр саптары, этнографиялык жана археологиялык экспедициялардын материалдары, 1916-жылдагы Үркүн боюнча архивдик жана башка маалыматтар бардыгын “Азаттыкка” долбоорду аткарган “Биздин мурас” фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек билдирди.

Мунун баарын manuscript.lib.kg сайтынан тапса болот.

Долбоорду ишке ашырууга "Сорос-Кыргызстан" фонду көмөктөштү. Кол жазмалар фондунун on-line каталогунун бет ачары күндүзгү саат онго белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG