Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Илимдер академиясынын кол жазмалар фонду электрондук форматка өткөрүлдү


Кыргыз улуттук илимдер академиясы.
Кыргыз улуттук илимдер академиясы.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын архивиндеги 3000ден ашык кол жазмасы электрондук форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты. Академиянын жалпы электрондошкон кол жазмалары 400 миң баракты түзөт. Алардын арасында тарыхый жана археологиялык, фольклордук экспедициялардын, бир катар акын-жазуучулардын кол жазмалары бар. Бул долбоор “Сорос-Кыргызстан” фондунун көмөгү менен ишке ашырылды. Онлайн-каталогдун бет ачары 26-январда өтөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG