Түркияда төрт баласы менен көчөдө калган Гүланда
36 жаштагы Гүланда Орунбаева 14 жыл мурун Түркияга келип түрк жараны менен баш кошкон. Бирок расмий никеге турган эмес. Учурда өзүнүн, төрт баласынын да эч кандай документтери жок. Күйөөсү абакка түшүп калып, азыр балдары менен убактылуу таанышынын үйүндө турушат. Турмуш-шарттын айынан көчөдө калган Гүланда жардамга муктаж.