“Манас” аэропортунун жанында кулаган Түрк аба жолдору компаниясына таандык “Боинг-747-400F» учагы 124 тонна жүк ташууга ыңгайлашкан. Ал 2003-жылы чыгарылган. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсыкка кулаган учактын экипаждын ысымдары белгилүү болду. Алар капитан Ибрагим Диранжы, Казым Өндүл жана жүк ташуу боюнча адистер Мелих Аслан менен Ихсан Кожа болгон.
Казым Өндүл 2003-жылдары Ооганстандагы аскердик операцияларга катышкан. Андан кийин эс алууга чыгып, жүк ташуучу учактарды башкарып жүргөн.