“Манас” аэропортуна жакын жерде болгон авиакырсыкта мерт кеткендердин саны 20дан ашты. 15 турак-жай зыян тартты. Курмандыктар саны дагы көбөйүшү ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалдар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мухамед Сваров билдирди.
Кырсык болгон жерде ыкчам штаб түзүлүп, куткаруу иштери уланууда. Окуядан улам Бишкектеги “Манас” аэропортунда каттамдар токтотулду.
Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылган. Кырсыкка кабылган учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык. (SE\BkA)