Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:08

Трамп өзү сунуштаган талапкерлерди “пикирлерин ачык билдирүүгө” чакырды


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп өзү сунуштаган бардык талапкерлерди колдойт жана аларды өз караштарын карманууга чакырат.

Бул тууралуу Трамп Твиттердеги баракчасына жазды. Ал Сенаттагы угууларда жогорку кызматтарга көрсөтүлгөн талапкерлердин жооп бергендерин баалап, “мен алардын өз пикирлерин ачык айтуусун каалайм” деди.

Мамлекеттик катчылыкка, Пентагондун башчылыгына жана Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигине көрсөтүлгөн Рекс Тиллерсон, Жеймс Маттис жана Майк Помпео Сенаттагы угуулар маалында Орусия, Иран жана НАТОго байланыштуу Трамптын көз караштарынан кыйла айырмаланган пикирлерин билдиришти.

Дональд Трамп ошондой эле Твиттер аркылуу Орусиянын атайын кызматтарында ага каршы компроматтар бар деген маалыматтарды “жалган” деп атап, саясий каршылаштарынын ойлоп тапканы экенин дагы бир жолу ырастады.

XS
SM
MD
LG