Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Бишкек мэриясынын алдында Албек Ибраимовду колдогон акция өтүүдө


Бишкек мэриясынын алдында азыркы калаа башчынын милдетин аткаруучу Албек Ибраимовду колдогон акция өтүүдө. Жүздөй адам Ибраимов мэр болууга татыктуу экенин белгилеп, добуштар сатылбай адилет шайлоо болушун талап кылышууда.

Бүгүн шаардык кеңеште мэр шайланат. Бул кызматка эки талапкер – Албек Ибраимов жана Нурдин Абдылдаев ат салышууда.

Бишкектин Аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, добуш берүү саат 10до башталат.

Эреже боюнча 45 депутаттын 30дан ашууну катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 жана андан көп добуш алган талапкер мэр болуп шайланат.

Албек Ибраимовду шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк, ал эми Нурдин Абдылдаевди "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган. Көпчүлүк коалицияда КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары бар. “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” оппозицияда.

Кечээ шайлоо алдында “Сентябрь” телеканалында эки талапкердин дебаты уюштурулду. Бирок Албек Ибраимов ага катышуудан баш тартты. Мэр шайлоого байланыштуу мэриянын имаратын күч кызматкерлери катуу кайтарууда. (SE)

XS
SM
MD
LG