Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Иранда экс-президент Рафсанжани менен коштошуу зыйнаты өтүүдө


Рафсанжанини акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген Ирандын президенти Хасан Роухани.
Рафсанжанини акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ирандын баш калаасы Тегеранда өлкөнүн мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжанини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Бир нече саатка созулган коштошуу иш-чарасына расмий бийликтин өкүлдөрү баш болгон миңдеген жарандар чогулду.

Рафсанжани Иранды 1989-1997-жылдары башкарып турган. Ал 9-январда 82 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумду.

Тегеран университетинде өтүп жаткан коштошуу зыйнатында маркумдун жаназасын Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи түшүрөрү күтүлүүдө.

Ирандын экс-президентинин сөөгү Аятолла Рухолла Хаменеи атындагы мавзолейге коюлат.

Байкоочулар Рафсанжанини Батыш менен алкаларды жакшыртууга жол ачкан “прагматикалык консерватор” деп атап жүрүшөт. Президенттик кызматта эки мөөнөт иштеген Рафсанжани Ирак менен согушта катуу жабыркаган ички экономикада эркин рыноктун элементтерин киргизүү өңдүү реформаларды жактап келген. Ошондой эле эл аралык сахнада байистүү позицияны колдочу.

XS
SM
MD
LG