Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Ысык-Көл: милиция бөлүмүндө кармалган жаран асынып алды


Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө мейманканага өрт койгон деген шек менен кармалган жаран өз жанын кыйды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов "Азаттык" радиосуна ырастады. Анын айтымында, маркум Тамга айылында 1992-жылы туулган тургуну. Ал 7-январда айылдагы "Узаке" менчик мейманканасын өрттөгөн деген шек менен кармалган:

- Мейманкананын эшик-терезелерин кимдир-бирөө сындырып, ширеңке чагып, бир бөлмөсүн өрттөп жиберген деген маалымат түшкөн. Кайра терезеден чыгып кеткен экен. Тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү учурунда мейманкананын видео тасмасы аркылуу 25 жаштагы жергиликтүү жашоочу кармалган, райондук милицияга алып келинген. Ал күнөөсүн толук моюнга алган. Бул иш боюнча материалдар топтолуп жатканда, Барскоондогу жол кырсыгы тууралуу маалымат түшүп, тергөө топ ал жакка кеткен. Кайра түнкү саат 3төрдө кайтып келгенде, бул адамды асынып алган бойдон табышкан. Ал батинкесинин боосуна муунуп алыптыр.

Азыр факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG