Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Ноокат: айыл өкмөт башчысына тургундар нааразы


Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылындагы "Давран" дыйкан чарбасынын өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна айыл өкмөт башчысы Нурмахаммад Йулчиев 150дөй өзбекстандык жаранга үлүш жер берип койгон деп билдиришти. Буга чейин ага чара көрүү өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылышканын, бирок андан майнап чыкпаганын кошумчалашты.

Ошол эле маалда айыл өкмөт жетекчиси Йулчиев өз дарегине айтылгандарды четке какты.

Укук коргоо органдары азырынча маалымат бере элек. (NT/YI)

XS
SM
MD
LG