АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп дагы бир жолу Орусия менен мамилени жакшыртарын убада кылды. Бул тууралуу Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкени аныкталганы тууралуу Кошмо Штаттардын атайын кызматтарынын баяндамасынан соң Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
“Мен президенттикке киришкен соң Орусия АКШны азыркыга караганда жакшыраак сыйлап калат” деп жазды Трамп.
Ошондой эле Трамп Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин серверлерине хакердик чабуул тууралуу пикирин жазып, ага “одоно шалаакылык” себеп болушу мүмкүн экенин билдирди.
АКШнын чалгын агенттиктери Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы шайланган президент Дональд Трампка жардам берүү жана Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук берген деген тыянакка келишкен.
Улуттук чалгындоо кызматынын директорунун кеңсеси 6-январда ачык жарыялаган баяндамада бул аракет менен республикачылардын талапкери Трампка анын демократ атаандашы Хиллари Клинтонго шек келтирүү аркылуу жардам берүүнү көздөгөнү айтылат.
Трамп хакердик чабуулдарга Орусиянын катышы жок экенин айтып, бирок президенттик кызматка киришкен соң кибер коопсуздук жаатында “чечкиндүү чара” көрөрүн билдирген.