Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Президент Атамбаев Кытай төрагасы менен жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев Пекинге сапарынын алкагында 6-январда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык өнүктүрүү жана ар кыл тармактагы биргелешкен долбоорлордун аткарылышын талкууланды. Ошондой эле мамлекет башчылары эл аралык жана аймактагы олуттуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Президент Атамбаев жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык алака түзгөнүнүн 25 жылдыгына туш келгенин жана өлкөлөр арасында активдүү саясий диалог жолго салынганын белгилеген.

Алмазбек Атамбаев Кытайга иш сапар менен бейшембиде кеткен. Ал сапар жүрүшүндө талкууланчу маселелердин бири катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу болорун билирген. Бирок президенттин маалымат кызматы бул маселе боюнча кеңири маалымат берген жок.

Атамбаев бул жолку Кытай сапарына журналисттерди алган эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG