Бул тууралуу спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Алмаз Касенов билдирди. Анын айтуусунда, агенттик учурда бул күндү белгилөөгө даярдык көрүүдө. Ал үчүн аймактардагы спорт комитеттери иш алпарып, улуттук оюндун жер-жерлердеги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат топтошот. Анын жыйынтыгында Көк бөрү федерациясы бир күндү аныктайт.
Ошондой эле Касенов улуттук оюндардын арасынан тогуз коргоол жана ордо боюнча атайын күн белгилөө каралып жатканын кошумчалады.(ECh)