Жалал-Абад шаарындагы "Керемет" эс алуу жайынын 40 жаштагы жетекчиси жана анын таанышы милицияга кол көтөргөн деген шек менен кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, бир аял аталган жайдан тууганынын коркутуусуна туш болуп жатканын айтып, милицияга кайрылган. Эс алуу жайга барган милиция кызматкерлерине мончо башчысы мас абалда каршылык көрсөтүп кол көтөргөн. Ага жанындагы шериги да жардам берген.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, эки адам камакка алынды. Тергөө уланууда. (RsK)