Стамбулда 39 адамдын өмүрүн алган кандуу чабуул үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. Бул топ 2-январдагы билдирүүсүндө “халифаттын жоокерлери христиандар динге туура келбеген майрамды белгилеп жаткан жерде" бул чабуулду уюштурду деп билдирди.
Түркиянын “Хүрриет” жана “Карар” гезиттери түнкү клубдагы чабуулга шектелген адам өзбекстандык же кыргызстандык болушу мүмкүндүгүн жазып чыгышты. Коопсуздук күчтөрү шектүүнү өлкө боюнча издеп жатышат.
Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Клубда Жаңы жылды белгилөөгө чогулган 500-700 адам болгон.