Стамбул: түнкү клубдагы кол салуу
Жаңы жыл түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салган адамга издөө жарыяланды. Түркиянын Стамбул шаарындагы түнкү клубда болгон кол салуудан каза болгондордун саны 39 адамга жетти. Мерт болгондордун он алтысы чет өлкөлүктөр, бешөө түрк жараны экени аныкталды. Жаракат алгандардын саны 69 адам.(DHA жана Reuters агенттигинин видеосу)