29-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 11ден тарта күчкө кирет деп күтүлүп жаткан макулдашуу Сириянын бүткүл аймагы боюнча ок атышуунун быйыл сентябрь айынан бери алгачкы ирет токтошу болот. Анда ок атышууну токтотуу режими бир апта гана сакталган соң бузулган эле.
Сирия оппозициясынын башкы уюму – Түркияда жайгашкан Сирия улуттук коалициясы азыркы макулдашууну колдой турганын ырастады. Урушту бүткүл өлкө боюнча токтотууну мерчемдеп жатканын Сирия армиясы да билдирүүдө.
Сирия өкмөтү жана куралдуу оппозиция ок атышууну бүткүл өлкө боюнча токтотууну караган макулдашууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо ниетин билдирген декларацияга кол коюшканын бүгүн Орусия президенти Владимир Путин Москвада жарыялаган.
Путин ошондой эле ок атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөөчү чаралардын комплекси камтылган документ да түзүлгөнүн кошумчалаган.
- Эми бул макулдашуулар күчкө кирип жана иштей баштоосу үчүн баарын жасоо керек, - деди президент Путин 29-декабрда.
Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясынын өкүлү Ахмед Рамадандын "Франс Пресс" агенттигине айткандарына караганда, ок атышууну токтотуу макулдашуусуна “Ахрар ал-Шам”, “Ислам топторунун армиясы” деген кубаттуу бирикмелер да кошулду. Бирок козголоңчулардын өздөрүнүн өкүлдөрү азырынча бул маалыматты ырастай элек.
Орусиянын бүгүнкү жарыясы алдында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Анкара жана Москва ок атышуу Сириянын бүткүл аймагында Жаңы жылга чейин токтошуна үмүттөнүп, мунун кепили болууну максат кылып жатканын, бирок Түркия Сирия президенти Башар Асад менен сүйлөшпөй турганын билдирген.
Орусия жана Түркия ок атышуу токтошунун “кепили” болорун бүгүн орус коргоо министри Сергей Шойгу да айтты.
Москвадан жасалган жарыядан кийин бейшембиде орус жана түрк президенттери Путин менен Эрдоган телефондон байланышып, Сирияда ок атышуунун токтотулушун жана Казакстандын борбору Астанага пландалып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулашкан.
Сирия армиясынын жарыясына караганда ок атышууну токтотуу режими азыр өзүн “Фатих ал-Шам фронту” деп атаган мурдагы “ал-Нусра фронту” экстремисттик уюмуна жайылтылбайт.
Ал эми оппозициянын Эркин Сирия армиясынын өкүлү Осама Абу Заиддин айтымында, ок атышууну токтотуу макулдашуусу күрттөрдүн YPG кошуундарын камтыбайт, ошондой эле сириялык күрттөрдүн PYD саясий партиясы Астанага мерчемделген сүйлөшүүгө катыштырылбайт.
Макулдашуунун бул аспектиси Түркиянын туруму эске алынды дегенди билдирет. Анткени Түркия сириялык күрттөрдүн кубат алышы Түркиянын өзүндөгү күрттөргө дем берет деп тынчсызданып келген.
Орусия менен Түркия Сириянын алты жылга жакындап калган жарандык согушунда бири оппозицияны, экинчиси президент Асад тарапты колдоп келди. Анткен менен акыркы айларда алар Сирия маселесинде жакындан кызматташууга өтүштү.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөздөрүнө караганда Сирия боюнча тынчтык жараянга Египет да чакырылды. Ага ошондой эле Сауд Аравия, Катар, Иордания да кошула алат.
Лавров ага катар АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын кызматка киришкенден кийин анын администрациясы бул ишти бир багытка буруу аракеттерине кошуларына үмүтүн билдирди.
Ал эми кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Барак Обаманын администрациясы Орусия менен буга чейин Сириядагы жарандык согушту токтотуу аракетинде тыгыз кызматташып келген, бирок Вашингтон Москваны бул багыттагы өз милдеттемелерин аткара албаганы үчүн да айыптаган. (UE)