Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Ош: мыйзам бузган жетекчилерге кылмыш иш козголду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Ош облустук прокуратурасы Кара-Суунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдарына кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Кабарда аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери бухгалтердик документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен 1 миллион 168 миң сомду өз капчыгына салып алганы айтылат.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”, “кызматтык жасалмачылык”, “шалаакалык” беренелери боюнча кылмыш иш козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG