Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кыргызстандыктар темир жол менен Орусия жана Беларустан ташылган жүктөрдү Казакстандын аймагынан жеңилдетилген баада алып өтө алышат. Тиешелүү келишимге 26-декабрда Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында жана кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда жетишилди. Өкмөт эми Кыргызстанда импорт товарлардын наркы жана азык-түлүк арзандайт деп божомолдоодо. Макулдашуу качан күчүнө кирери белгисиз. (NT)