Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Жапон премьери Обама менен бирге Перл-Харборго тарыхый сапар жасады


Гавай аралында Перл-Харбор курмандыктарын эскерүү. 27-декабрь, 2016-жыл.
Гавай аралында Перл-Харбор курмандыктарын эскерүү. 27-декабрь, 2016-жыл.

Перл-Харбордогу америкалык аскерий базага Экинчи дүйнөлүк согушта Жапония тарабынан жасалган чабуулдун курмандыктарын жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ АКШ президенти Барак Обама менен бирге эскерди.

- Мен бул жерде өмүрүн жоготкондордун рухуна чын дилимден көңүл айтам,- деди Абэ 27-декабрда.

1941-жылы 7-декабрда Жапониянын капыс аба соккусунан 2400 АКШ аскери өлүп, Америка согушка кирүүгө аргасыз болгон.

- Биз эч качан согуштун азап-тозогунун кайталанышына жол бербешибиз керек,- деди жапон өкмөт башчысы.

Синдзо Абэ АКШ президенти менен Перл-Харборго келген биринчи жапон өкмөт башчысы болду. Ал чабуул үчүн кечирим сураган жок. Обама Абэнин сапарын “тарыхый белги” деп атады. Жыл башында АКШнын президенти Барак Обама Хиросима шаарына барган. Ал 1945-жылы АКШ атомдук бомба таштаган шаарга барган американын биринчи президенти болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG