Бишкек шаардык соту Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы, 100 миң доллар пара алды деп айыпталган Кылычбек Арпачиевге райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” кабарлады. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Арпачиевди "кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деген берене боюнча актап, "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан.
Аны менен катар "анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн" деген өкүм чыккан.
Анын 2015-жылдын март айынан бери тергөө абагында өткөргөн ар бир күнү эки күнгө тете деп эсептелген.
Былтыр март айында УКМКга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу кайрылып, Арпачиев андан ири суммада пара талап кылып жатканын айтып арызданган. Ошондон кийин Арпачиевге кылмыш иш козголуп, камакка алынган. (BkA)