Бүгүн Кыргызстан менен АКШнын дипломатиялык алакаларынын түзүлгөнүнө 25 жыл толду. 1991-жылы 27-декабрда АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган. Ал эми Бишкектеги АКШнын элчилиги 1992-жылы ачылган. Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Кадыр Токтогулов бул күндүн маанисин белгилеп, Tвиттердеги баракчасына “Кыргызстан жана АКШ элдеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкка 25 жыл толду. Америкага биздин эгемендикти колдоосу үчүн ырахмат”,- деп жазды.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан АКШдан эң көп суммадагы жардам алгандардын сап башында турат. 25 жылдын ичинде 2 миллиард долларга чукул донордук жардам келип, 2016-жылы алынган акчанын суммасы 50 миллион долларды түзгөн.
Былтыр 21-июлда кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган. Быйыл президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан - АКШ кызматташуусу боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын билдирген болчу. Бирок азырынча бул келишимдин качан кабыл алынары белгисиз бойдон калууда.(BkA)