Рим папасы Франциск Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүнөн салтка айланган жаңы жылдык кайрылуусун жасады. Ал “күчтүн эмес сүйүүнүн бийлиги өкүм сүрүшүнө” чакырды. Папа “Сириянын, анан ичинде өзгөчө жабыркаган Алеппо шаарынын элине” тынчтык каалады.
Ал ошондой эле Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөндөө боюнча бардык келишимдер аткарыларына үмүт артты. Рим папасы Жакынкы Чыгыш элин, жөөттөр менен палестиндерди, Ирак, Ливия, Йемен жана Африка өлкөлөрүн тынчтыкка чакырды.
Ыйык Петр аянтында жана анын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, полиция менен аскерий күзөт кызматкерлер курчап турушту. Бардык зыяратчылар текшерүүдөн өткөрүлдү.